Кыргыз бийчилери “MOSCUP GRAND PRIX - 2018” эл аралык турниринде жеңишке жетишти

Кыргыз бийчилер “MOSCUP GRAND PRIX - 2018” эл аралык турниринде жеңишке жетишти. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Кыргыз Республикасынын спорттук бий боюнча федерациясынын президенти Cергей Титунин билдирди.

Орусиянын Москва шаарында орун алган спорттук бал бийи боюнча эл аралык турнирде Кыргыз бийчилери жеңүүчү аталышты. “MOSCUP GRAND PRIX - 2018” турнирде жалпы 500 жуп спортчу катышкан. Кыргыз спортчулары 11 кубок, 5 алтын, 4 күмүш жана 3 коло медаль жеңип алышкан.

Ибраимова Эркайым

1-орун: Балдар арасындагы соло 4 бий категориясында

Давид Пличкин жана Эвелина Каракай

1-орун: Балдар арасында N4, N5 категориясында, Е классында;

Никита Пак жана Кира Кочергина

2-орун: Балдар арасында N5, N6 категориясында;

Канат уулу Даниэль жана Аделина Садирдинова

2-орун: Өспүрүмдөр арасындагы латина категориясында

3-орун: Өспүрүмдөр арасындагы стандарт категориясында;

Тимур Вагизов жана Барвенко Арина

1-орун: Жаштар жана улуулар арасындагы латина категориясында, С класс

3-орун: Жаштар арасында латина категориясында, А класс

Жеңишке жеткен бийчилер “Danceelite” студиясынын тарбиялануучулары. Машыктыруучусу Оксана Каракай, жетекчиси Наталья Каракай.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
surgeon777
2018-04-14 05:29:39
Азаматсынар,онорунор оркундосун!
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан