Бүгүн, 13-апрелде Чемпиондор Лигасынын жарым финалында беттешүүчү командалар аныкталды. Чүчү кулак таштоо Швейцариянын Ньон шаарында өттү.
Жарым финалга 4 команда: "Реал Мадрид" (Испания), "Бавария" (Германия), "Ливерпуль" (Англия) жана "Рома" (Италия) командалары өткөн. Бүгүнкү чүчү кулактын жыйынтыгында "Реал" менен "Бавария", "Ливерпуль" менен "Рома" беттеше турган болду.
Командалар ортосунда алгачкы оюндар 24-апрелде, жооптук оюндар 1-майда өтөт. Ал эми Чемпиондор Лигасынын финалы 26-майда орун алат.