Полиция издөөдө жүргөн адамды анын сүйүктүүсүнүн Инстаграмдагы сүрөттөрү аркылуу тапкан

Полиция издөөдө жүргөн адамды анын сүйүктүүсүнүн Инстаграмдагы сүрөттөрү аркылуу тапкан. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

Маалым болгондой, Уэльстеги Марк Прайс аттуу баңгизатын сатуу менен алектенген адам көптөн бери полиция кызматкерлери тарабынан издөөдө жүргөн. Аны полиция тарабынан кармалуусуна кылмышкердин сүйүктүүсүнүн Инстаграмдагы баракчасына жүктөгөн сүрөттөрү жардам берген.

Марк Прайс

22 жаштагы Эмили Лок соода борборлорунун биринде кассир болуп эмгектенет. Ал айлыгы аз болгонуна карабай, социалдык тармактагы баракчасына көпчүлүктү суктандырган жашоосун чагылдырган сүрөттөрдү жүктөп келген: кымбат баалуу автоунаалар, мыкты дизайнерлик кийимдер, көптөгөн өлкөлөргө болгон саякаттар... Жөнөкөй кызматкердин айлыгы ушунун баарына жетеби? Бул суроо бир гана коомчулукту эмес, полиция кызматкерлерин да кызыктырган. Жыйынтыгында, анын сүйүктүүсү тыюу салынган баңгизатын сатуу менен алектене турганы аныкталган.

Эмили Лок

Полиция кызматкерлери Марк Прайстын үйүн таап, тинтүү иштерин жүргүзгөн. Натыйжада ири суммадагы акча, кымбат баалуу буюмдар жана баңгизаттарын табышкан. Ал эми телефонунда баңгизатын сатуу менен алектене турганын далилдеген бир топ адамдар менен болгон жазышуулары бар экени аныкталган.

Балким Прайстын сүйүктүүсү көптү суктандырган жашоосун коомчулукка жарыялабаса, аны табуу оңойго турмак эмес. Ошентсе да, сурак учурунда кыз жигитинин чынында эмне менен алектенерин билбей турганын, куруучу болуп иштейт деп ойлоп жүргөнүн айткан. Бирок анын бул актануусу ага эч кандай жардам берген эмес. Сот Эмили Локту 15 айга, ал эми жигити Марк Прайсты 7 жылга эркинен ажыраткан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (10)
Colella
2018-04-13 20:09:30
Туура эмес басып алсан да интернетке чыгып кетчу заман болуп калды!
+21
datkayimjan
2018-04-13 20:13:50
Кызда эмне куноо
+3
Adiletia
2018-04-13 20:32:07
datkayimjan, ошода байкуш кызды неге камады
+3
Pandora
2018-04-13 21:21:29
datkayimjan,Кылмышты жаап жашуруу боюнча
+6
KOCMOC
2018-04-13 21:50:48
Инстаграмы жок эле жашагыла)
+9
Girl1996
2018-04-13 22:30:48
ozdorun ozdoru achyshyptyrda.
+5
Zainidin96
2018-04-13 23:15:49
1,5 жылга кесилдиби ошондо кыз
+2
Ernic
2018-04-13 23:17:07
Zainidin96,1 жыл 3ай
+1
Hotinhere123
2018-04-14 01:23:21
азыркы техника онуккон заманда этияттап басыш керек болуп калды.эки жагынды жакшылап карап.сразу эле интернеттен чыга каласын.кече Кыргызстандан башка улуттагы группалашым келди эле курут орук алдырдым эле...барып алып келиштен коркуп атам))кайсы патриот суротко тартып [moderated]ка чыгарып жиберет экен деп))
+3
Mularamov
2018-04-14 07:17:13
Hotinhere123
patriottorsuz ele
bizdun gmail pochtabyzdan kaisy jerge bargandarybyz saktalyp turat eken
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан