АКШ Сирияга сокку урду

"Сириянын өкмөтү Дума шаарында химиялык чабуул жасады" деп АКШнын президенти Дональд Трамп Сириянын аймагына сокку урууга буйрук бергенин айтты. Бул тууралуу бүгүн, 14-апрелде чет өлкөлүк басылмалар жазышууда.
Маалыматтарга ылайык, сокку Дамаск шаарынын бир нече райондоруна жасалды. Алардын ичинде аскердик объекттер жана илимий лаборатория жайгашкан район бар.
"Трамптын айтымында, Орусия химиялык куралды колдонууну токтото албай жатканы ушундай жыйынтыкка алып келди. Сирияга болгон сокку - АКШнын, Улуу Британиянын жана Франциянын биргеликте жасаган операциясы. Сириянын өкмөтү Дума шаарында химиялык чабуул жасалганын четке кагууда", - деп жазышат басылмалар.
Рубрикадагы соңку кабарлар
8:05
2019-02-22
15:10
2019-02-21

0:37
2019-02-21
19:32
2019-02-20
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рейтинг:
0

адам олтуруу бул мусулман динине туура келбейт
Негизи эмне кылып журот Россия Сирияда