Дүйнөдөгү эң түрү суук ит эми модель болуп иштей баштайт

Улуу Британиянын эң түрү суук 15 жаштагы Чейз аттуу ит эми модель болуп иштей баштайт. Бул тууралуу бүгүн, 15-апрелде чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

Маалыматка караганда, түрү суук Чейз белгилүү "Model Direct" моделдик агенттик менен кызматташуу боюнча келишим түзгөн.

"Үрпөк баштуу иттин негизинен көзүнө эт өсүп, каптап калган. Денесиндеги түгү түшүп калган. Бирок анын мындай көрүнүшү белгилүү моделдик агенттик менен келишим түзүүгө тоскоол болгон эмес. Иттин ээси Шторм Шайлер жаныбарын эми белгилүү модель катары көргүсү келет", - деп жазылат маалыматта.

Айта кетсек, 2017-жылы "Дүйнөнүн эң түрү суук жаныбары" кароо сынагы өткөрүлгөн. Ал сынакта Чейз 3-орунду ээлеген. Ал эми биринчи орунду АКШнын Калифорния штатынан 3 жаштагы Мартта атту ит жеңип алган. Жогоруда аталган кароо сынак 1961-жылдан бери өткөрүлүп келет. Бул сынактын негизги максаты жөнөкөй көргөзмөлөрдөн жеңе албаган жана өзгөчөлүгү менен айырмаланган жаныбарлар үчүн уюштурулат. Анткени алар да камкордукка жана жылуу мамилеге татыктуу. Башка жылдарга салыштырмалуу уюштуруучулар бул жылы жеңүүчүлөргө бир жарым миң доллар жана Нью-Йорк шаарындагы журналисттер менен жолугушууга жолдомо берген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (10)
aibars
2018-04-15 15:33:20
Ити чоп жей баштаган экен.
+3
Modric10
2018-04-15 15:39:26
ит жылында ит хит болуп атат
0
leilekstan_1987
2018-04-15 16:11:35
Ит калды эле Эми модел болбогон
+4
tular
2018-04-15 16:19:36
Европада турбайбы!!! Аларга боло берет. Эми бизге бул ирээнжиткен коргозмо келбесе экен...
+7
KRIMINAL
2018-04-15 16:58:47
Менин көзүмө кошунанын батиңке ташыган итинен өткөн түрү суук ит көрүнбөдү))
+14
monok2001
2018-04-15 17:35:27
мага баарыбир
-2
bolotbeck1983
2018-04-15 18:22:35
Байкуш жаныбар десе. Көзүнө эт өсүп, түгү түшүп белгисиз бир ооруга чалдыгыптыр да. Дарылап калыбына келтиргендин ордуна модель болуп иштейт деп маскаралагандарын кара.
-1
briliant87
2018-04-15 18:22:55
ит келишим тузупу
+2
Batma08
2018-04-16 12:06:22
Бекерчилер
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан