Бүгүн футзал боюнча Өлкө биринчилиги - Суперлиганын алгачкы финалдык беттеши орун алат

Бүгүн, 16-апрелде футзал боюнча Өлкө биринчилиги - Суперлиганын алгачкы финалдык беттеши өтөт. Анда Бишкек шаарындагы ден соолукту чыңдоо жана дене тарбия комплексинде (ФОК) 1-орун үчүн "Алга" менен "EREM" командалары кездешсе, 3-орун үчүн "Фарватер" менен "Мурас" командалары беттешмекчи.

Айта кетсек, финалдык оюндар 3 жеңишке чейин уланса, 2-орун үчүн беттеш 2 жеңишке чейин орун алмакчы. Финалдык беттештер 16-17-апрелде Бишкекте өтсө, 21-22-апрелде Кызыл-Кыяда орун алмакчы. Эгерде 4 беттештин жыйынтыгында командалар тең чыкса, алар 5-беттешти Бишкек шаарында 28-апрелде өткөрүшөт.

Беттештердин тизмеси:

16-апрель

3-орун үчүн беттеш (ФОК):

18:00 "Фарватер" - "Мурас"

Финал (ФОК):

20:00 "Алга" - "EREM"

17-апрель

3-орун үчүн беттеш ("Алай" спорт комплекси):

17:00 "Мурас" - "Фарватер"

Финал (ФОК):

20:00 "Алга" - "EREM"

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан