Өткөн аптада футбол боюнча Өлкө биринчилиги - Топ-Лиганын 2-туру өттү. Анда 2-турдун алкагында беттештер Бишкек, Кант, Кочкор-Ата шаарларында орун алды. 2018-жылдын сезонунда жалпы 8 команда күч сынашууда, алардын арасында 2 жаңы команда бар. Анын бири Ош шаарында жаңы түзүлгөн "Академия" командасы болсо, экинчиси Бишкек шаарындагы футбол борборунун "Илбирс" командасы.
"Дордой" (Бишкек) - "Академия" (Ош) - 4:1
11-апрелде Бишкек шаарындагы футбол борборунун стадионуна "Дордой" командасы "Академия" командасын кабыл алды. Беттештин жыйынтыгында Александр Крестининдин шакирттери атаандаштарын 4:1 эсебинде жеңип алышты. Оюндун 14-мүнөтүндө Кайрат Жыргалбек уулу Бекжан Сагынбаевдин чыгарып берүүсүнөн кийин эсепти 1:0 кылса, Амир Гурбани 50-мүнөттө эсепти 2:0 кылды. 68-мүнөттө Бекжан Сагынбаев таамай болуп, эсепти 3:0 кылып кетти. Буга "Академиянын" футболчулары 69-мүнөттө Сардор Соибовдун голу менен жооп берсе, 75-мүнөттө Бекжан Сагынбаев 2-голун киргизип, эсепти 4:1ге айлантты. Муну менен беттеш соңуна чыгып, бишкектик "Дордой" турнирдик жадыбалда 6 упай менен сап башына жайгашты.
"Алга" (Бишкек) - "Кара-Балта" (Кара-Балта) - 5:1
12-апрелде Топ-Лиганын 2-турунун алкагында бишкектик "Алга" "Кара-Балта" командасы менен кез келди. Кант шаарында орун алган беттеште Руслан Сыдыковдун шакирттери 5:1 эсебинде жеңишке жетти. Беттештин жүрүшүндө "Алга" командасынан Сердарали Атаев 2 гол, Иван Филатов 2 гол жана Санжар Турдукулов 1 гол менен айырмаланса, "Кара-Балта" командасынан Кубанычбек Куреңкеев 1 гол киргизди.
Муну менен "Алга" командасы турнирдик жадыбалда 4 упай менен 3-орунду ээледи, ал эми "Кара-Балта" экинчи ирет жеңилүү ызасын тартып, тизменин аягында жайгашты.
"Нефтчи" (Кочкор-Ата) - "Илбирс" (Бишкек) - 2:0
12-апрелде 2-турдун алкагында Кочкор-Атанын "Нефтчи" командасы "Илбирс" менен кездешти. Кочкор-Ата шаарында орун алган беттеште жергиликтүү "Нефтчи" "Илбирсти" 2:0 эсебинде утуп алды. Беттештин 8-мүнөтүндө "Нефтчинин" оюнчусу Александр Игнятенко эсеп санын ачса, 26-мүнөттө Умидилло Иминов эсепти 2:0 кылып кетти.
Муну менен "Нефтчи" 2 турдун жыйынтыгында 6 упай топтоп турнирдик жадыбалда 2-орунду ээледи. Ал эми жаңы түзүлгөн "Илбирс" командасы 2-ирет жеңилүү ызасын тартып, тизменин аягында жайгашты.
"Абдыш-Ата" (Кант) - "Алай" (Ош) - 0:0
15-апрелде Кант шаарында жергиликтүү "Абдыш-Ата" командасы Оштун "Алай" командасын кабыл алды. Беттештин жүрүшүндө командалар гол киргизгенге бир нече мүмкүнчүлүккө ээ болушканы менен, таамай боло алышкан жок. Беттештин соңунда эсеп саны 0:0 бойдон калып, командалар 1 упайдан бөлүштү.