Кыргыз спортчусу Тимур Сатиев Орусияда өткөн жаштар арасындагы Европа кубогуна катышты

Кыргыз спортчусу Тимур Сатиев Орусияда 14-15-апрель аралыгында өткөн жаштар арасындагы Европа кубогуна катышып алгачкы беттеште жеңилүү ызасын тартты.

Санкт-Петербург шаарында орун алган мелдеште 16 өлкөдөн жалпы эсепте 263 спортчу катышты. Кыргыз өлкөсүнөн Тимур Сатиев гана катышты. Ал 66 килограммга чейинки салмак категорияда күч сынашып, алгачкы беттешинде тажикстандык Милоражап Халифаев менен кездешти. Беттештин соңуна 1 мүнөт 14 секунд калганда тажикстандык дзюдочу Сатиевди көтөрүп чаап, иппон менен жеңишке жетти.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан