Бүгүн, 16-апрелде КСДПнын саясий кеңешинин мүчөлөрү "Ала-Арча" резиденциясына жыйынга чогулушууда. Жыйындын күн тартиби тууралуу Жогорку Кеңештин депутаты Сайдолимжон Жураев комментарий берүүдөн баш тартты.
Резиденцияга Рыскелди Момбеков, Мурадыл Мадеминов, Анвар Артыков, Марат Аманкулов, Данияр Аттокуров, Сайдолимжон Жураев, Карамат Орозова, Бакытбек Жетигенов, Асел Кодуранова, Айнуру Алтыбаева, Чыныбай Турсунбеков, Альфия Самигуллина кирип кетти.
Буга чейин SUPER.KG порталына өздүк булактар партиянын жыйыны өтө турганын кабарлаган. Өздүк булактын билдиришинче, жыйында депутаттардан өкмөттүн ишин колдоого алуу, депутат Асылбек Жээнбековду парламенттен кетирүү сыяктуу маселелер каралмак.