УКМКнын башчысынын орун басарлыгынан бошотулган Болот Сүйүмбаевди өкмөт башчы жаңы кызматка дайындады (өмүр баяны)
Болот Сүйүмбаев Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча кызматынын төрагасы болуп дайындалды. Бул тууралуу 16-апрелде өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, тиешелүү жарлыкка премьер-министр Сапар Исаков кол койду.
Айта кетсек, 7-апрелде Болот Сүйүмбаев берген арызынын негизинде УКМКнын төрагасынын орун басарлыгынан президент Сооронбай Жээнбеков бошоткон эле.
2017-жылдын 10-январынан тарта 16-апрелге чейин Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү кызматынын төрагасы болуп Замирбек Осмонов иштеген. Өкмөт башчынын жарлыгы менен ал ээлеген кызматынан бошотулду.
Сүйүмбаев Болот Турарович 48 жашта, Бишкек шаарында туулган. Мамлекеттик дене тарбия жана спорт академиясынын бүтүргөн.
1988-1989-жылдары аскерде кызмат өтөгөн;
1989-жылы "Кыргызфильм" студиясында актёр-каскадер;
1994-1998-жылдары “Илбирс” ишканасында ревизор жана "Меркури" банкында коопсуздук инспектору;
2000-жылы “Шампанвинкомбинатта” кайтаруучу;
2001-2007-жылдары ИИМде кызмат кылган;
2010-жылы Убактылуу өкмөттүн төрайымынын биринчи орун басары Алмазбек Атамбаевдин кеӊешчиси;
2012-жылы президент Алмазбек Атамбаевдин кеӊешчиси болуп иштеген;
2012-2016-жылдары УКМКнын 9-бөлүмүнүн (өлкө жетекчилеринин коопсуздугун камсыздоого жооптуу бөлүм) башчысы;
2016-2018-жылдары УКМКнын төрагасынын орун басары рангындагы УКМКнын Улуттук коопсуздуктун коркунучтарын талдоо жана аныктоо кызматынын директору.
УКМК башчысынын орун басары кезинде Атамбаевдин колунан "генерал-майор" наамын алган.
кошулду

- 13:13 21-04-2018 | Сайдулла Нышанов, депутат: "Азыр эч кимди эч ким аябай калды, колдосо да 100 пайыз колдоп коёт, кетиргенде да 100 пайыз колдоп коёт"
- 12:35 21-04-2018 | Бахадыр Сулейманов, депутат: "Бүгүнкү түзүлгөн өкмөткө кандай кадрлар келгенин убакыт берип иштетип көрүп айтыш керек"
- 12:00 21-04-2018 | Динара Ошурахунова, укук коргоочу: "Өкмөттүн өзгөргөн курамы реформа, чоң иштерди жасаган кызматкерлер деп айта албайм"
- 11:30 21-04-2018 | Рыскелди Момбеков, депутат: "Аткаруу бийлигинин курамы да, курагы да купулума толгон жок"
- 11:00 21-04-2018 | Рита Карасартова, укук коргоочу: "Өкмөткө келе турган адамды эмес, анын демилгесин талкуулоо зарыл"
- 10:30 21-04-2018 | Эмилбек Каптагаев, саясатчы: "Премьер-министр, вице-премьерлер тууралуу айта турган болсом, чечим туура эле"
- 10:00 21-04-2018 | КҮНСОБОЛ: Өкмөттүн жаңы курамында кайсы кадрдык чечимдер туура, кайсы чечимдер ката болду деп эсептейсиз?
- 09:00 21-04-2018 | КҮНСЕРЕП: Бир түндө куралган өкмөт канчалык алыска барат?
- 07:36 21-04-2018 | Жээнбеков Абылгазиевди премьерликке жана жаңы өкмөттүн курамын тийиштүү кызматтарга дайындоо боюнча жарлыкка кол койду
- 07:31 21-04-2018 | Шыкмаматов Абылгазиевге: "Абакта Текебаевге бир нерсе болсо, жаңы бийлик жооп берет"
