Жогорку Кеңештин депутаты Акылбек Жапаров Инвестицияларды алга жылдыруу жана коргоо агенттигинин директору Эсенкул Момункуловду кызматтан алууну сунуштады. Эл өкүлү бул тууралуу Жогорку Кеңештин Бюджет жана финансы комитети өкмөттүн отчётун карап жатканда билдирди.
Жапаров акыркы учурларда аталган кызмат адамынын иш аракеттери көзгө илинбей жатканын айтты.
"Биз кайсы инвестицияларды айтабыз? "Ош базарында" өрт болду, Тогуз-Тородо жаңжал болду. Бул кызмат ички, тышкы инвестицияларды коргой албай жатат. Мен анын жумушун көрбөй жатам, маалымат каражаттарына да чыкпайт. Ал дайыма эле президенттин, өкмөт башчынын иш сапарларында аларды коштоп жүрөт. Ошондуктан өкмөттөн аны кызматтан алууну сунуш кылам", - деди Жапаров.
Айта кетсек, Эсенкул Момункулов Инвестицияларды алга жылдыруу жана коргоо агенттигинин директору болуп 2017-жылы 16-ноябрда дайындалган.
Ал буга чейин 5-сентябрда премьер-министрдин кеңешчиси болуп дайындалган. Момункулов жогорку билимдүү, 2008-жылы Гейдельберг университетин бүтүргөн. 2012-жылы АКШдагы Миннесота университетинде илимий кызматкер болуп эмгектенген. Буга чейин өкмөттүк аппаратта эксперт (2011-жылы), президенттик аппаратта инспектор (2013-жылы), өкмөттүк аппараттын жетекчисинин кеӊешчиси болуп (2015-жылы) иштеген.