Таиландда табытта жатып эс алганга мүмкүнчүлүк түзгөн кафе ачылды. Бул тууралуу чет элдик маалымат каражаттары жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, Таиланддын борбору Бангкокто "Өлүмдү сезүү" деген аталыштагы өзгөчө кафе ачылды. Аталган кафеде кардарлар тамактанып гана тим болбостон, атайын табытка жатып өзүнүн жашоосу, өлүмү тууралуу ойлонууга мүмкүнчүлүк түзүлгөн.
Кафеге келген конокторду адамдын скелети тосуп алат. Мындан сырткары, аталган кафеде суусундуктардын жана ичимдиктердин аттары дагы өзгөчө. Эгерде кардар табытка жатууну чечсе, ага суусундуктар арзан баада берилет.
Кафенин ээси Виранат Ройнапрапанын айтымында, ал мындай жол менен кардарларды гана чакырбастан, аларга жашоонун ар бир көз ирмемин баалай билүүнү үйрөтөт.
"Бир канча мүнөт караңгы табытта жаткан адам жашоону баалай баштайт. Ал айланага, жакындарына болгон мамилесин өзгөртөт", - дейт Ройнапрапа.