Жогорку Кеңештин эки комитети өкмөттүн отчётун канааттандырды

Жогорку Кеңештеги эки комитет өкмөттүн отчётун канааттандырды. 16-апрелде парламенттин Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана регионалдык өнүктүрүү боюнча комитети менен Бюджет жана финансы комитети өкмөттүн 2017-жылдагы аткарган иштери боюнча отчётун карады.

Маалымат берүү үчүн вице-премьер-министр Дайыр Кенекеев баштаган өкмөт мүчөлөрү келишти. Анда жер тилкелерин трансформациялоо, токой фондусундагы мыйзам бузуулар, ирригация системиндеги маселелер, Кызыл китепке кирген жаныбарларды аткандарга айып пулду жогорулатуу, талапка жооп берген касапканаларды куруу сыяктуу бир катар көйгөйлөрдүн чечилиши боюнча талкуу жүрдү. Суроо-жооптордон кийин Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана регионалдык өнүктүрүү боюнча комитеттин депутаттары өкмөттүн отчётун эске алуу менен канааттандырса, Бюджет жана финансы комитети "канааттандырарлык" деп тапты.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан