Түштүк Африкада жаран 6 айлык кызын үйдүн чатырынан ыргытып жиберди. Бул тууралуу чет элдик маалымат каражаттары жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, Түштүк Африканын Квадвеси аймагында жайгашкан 90го жакын үй жана ар кандай имараттар мыйзамсыз курулган. Бийлик өкүлдөрү жана полиция кызматкерлери аталган аймакка келип мыйзамсыз курулуштарды бузуу талабын койгон. Жергиликтүү тургундардан турган 150 адам нааразычылык акциясына чыгышып, талапты аткарбай тургандыктарын билдиришкен.
Белгилүү болгондой, алардын арасындагы 38 жаштагы жаран өзүнүн нааразычылыгын билдирүү үчүн үйдүн чатырына кызы менен чыгып кеткен. Алгач ал кызын бутунан алып салаңдатып, ыргытып жиберерин билдирген. Полиция кызматкерлеринин эскертүүсүнө карабай, ал кызын ыргытып жиберген.
Бактыга жараша, кызды үйдүн алдында турган полиция кызматкерлери тосуп алышкан. 6 айлык кыз эч кандай жаракат алган эмес. Азыркы тапта кыз апасына өткөрүлүп берилип, атасы камакка алынган.