Бишкекте таксистти муунтуп өлтүрүп, каналга агызып жиберген деп шектелип, 3 адам камакка алынды

Бишкек шаарында бирөөлөртаксистти муунтуп өлтүрүп, денесин Кичи Чүй каналына ыргытып жиберишкен. Бул кылмышка шектүү 3 адам колго түшүрүлдү. 5-ноябрь күнү Көлмө жаңы конушунун жашоочусу жолдошу А.Э. дайынсыз жоголгонун айтып милицияга кайрылган. Ошол эле күнү Биринчи Май райондук күзөт кызматына Ленин айылына жакын Фольксваген Пассат үлгүсүндөгү унаа күйүп жаткандыгы тууралуу маалымат келип түшкөн. Текшерүү иштеринен кийин унаа А.Эге таандык экени аныкталган. Аталган кылмыш иши боюнча Кичи Ала-Арча айылынын 3 жашоочусу шектүү катары кармалып, кийин күнөөлөрүн моюнга алышты. Кармалгандардын айтымында, алар спирт ичимдигин алып таксиде бара жатканда айдоочу аларды дөңгөлөгү жарылып калганына байланыштуу машинадан түшүүнү суранган. Күнөөкөрлөр мас абалда болгондуктан, аны алгач башка уруп, кийин муунтуп өлтүрүп, Кичи Чүй каналына денесин агызып жиберишкен. Маркумдун денеси 17-ноябрда Кичи Чүй каналынан табылган.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (6)
maks100589
2012-11-20 17:42:03
Жашоо театр а андагы адамдар актерлер деген кеп туура айтылган. Бул жашоодо олгондон башка ролго жарабайт экенбизда.Куноно канчалаган адам жарык дуйного келип, канчалаган адам бул дуйно менен кош айтышат болду экен? Байкуш эптеп нан таап жургон дагы бир карапайым адамдын омуру кыйылды да. Ал эми канга тойгон карышкырларлардын олгондон башка жашоосу ото берет экен да(((
0
janishboss
2012-11-21 03:33:35
maks100589, эн туура айтасыз
0
janishboss
2012-11-21 03:33:38
maks100589, эн туура айтасыз
0
janishboss
2012-11-21 03:33:41
maks100589, эн туура айтасыз
0
janishboss
2012-11-21 03:33:42
maks100589, эн туура айтасыз
0
janishboss
2012-11-21 03:33:45
maks100589, эн туура айтасыз
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан