Бүгүн, 16-апрелде Жогорку Кеңештин комитетинин отурумунда депутат Жанар Акаев "Ош базарында" өрттөн зыян тарткандарга эч ким жооп бербей жатканына нааразычылыгын билдирди. Ал чыгымга учураган жарандар жооп ала албай, 3 күндөн бери көчөдө жүргөнүнө токтолду.
"Үч күндөн бери "Ош базарындагы" өрттөн жабыркагандар көчөдө жүрүшөт. Аларга жооп берүү үчүн же мэр чыкпай, же өкмөттөн бирөө чыкпай, алар жооп издеп көчөдө жүрүшөт. 3 күн мурда бул жерге келишкен. Төрага аларды кабыл алган. Андан бери деле өкмөттөн тийиштүү адам же шаар бийлиги чыгып ачык жооп бербейби? Компенсация болобу, насыяларына жеңилдик берилеби, соода орундары эмне болот?" - деп сурады Акаев.
Вице-премьер-министр Чолпон Султанбекова "Ош базарындагы" өрткө байланыштуу комиссия түзүлгөнүн, аны вице-премьер Дайыр Кенекеев жетектеп жатканын белгиледи.