"Терминатор" тасмасынын 6-бөлүгүндө Арнольд Шварценеггердин ордуна ким тартыла турганы белгилүү болду. Бул тууралуу чет элдик маалымат каражаттары жазып чыгышты.
Белгилүү болгондой, тасманын режиссёру Тим Миллер "Терминатор" тасмасынын жаңы бөлүгүнө 35 жаштагы актёр Гэбриел Лунаны тарта турганын билдирген. Тасма 2018-жылдын жай айларында тартыла баштайт. Тасманын сценарийи азырынча сыр бойдон калууда. Ал эми анын бет ачары 2019-жылдын 22-ноябрына болжолдонгон.
Маалыматка ылайык, "Терминатор" тасмасынын алтынчы бөлүгүн тартуу иштери ушул жылдын март айында башталмак, бирок белгисиз себептерден улам жай айларынын башына жылдырылган. Тасманын режиссёру - Тим Миллер, продюсери - Жеймс Кэмерон. Жогоруда аталган тасманын 1-2-бөлүктөрү 1984-1991-жылдары тартылып, дүйнө жүзүндө болуп көрбөгөндөй популярдуулукка ээ болгон.
Эскерте кетсек, башында аталган тасмада башкы ролду Шварценеггер өзү жаратары маалым болгон, бирок кийин ал жүрөгүнөн операция болуп, тасмага тартыла албай тургандыгын кино жаратуучуларга билдирген.