Футзал боюнча Өлкө биринчилиги: Бишкектик "Алга" "ЕREMге" 4:1 эсебинде утулуп калды

Бүгүн, 16-апрелде Бишкек шаарындагы ден соолукту чыңдоо жана дене тарбия комплексинде (ФОК) футзал боюнча Өлкө биринчилиги - Суперлиганын финалдык сериясы старт алды. Анда 1-орун үчүн алгачкы беттеште бишкектик "Алга" менен Оштун "EREM" командасы кез келди.

Беттештин жыйынтыгында "EREM" 4:1 эсеби менен жеңишке жетти. Эсеп санын 6-мүнөттө "Алганын" оюнчусу Азат Исабеков ачты. Буга "EREM" бир нече жолу жооп берүү мүмкүнчүлүгүнө ээ болгон, бирок оюнчулар таамай боло алышкан жок. 1-таймдын соңуна 2 мүнөт калганда Алиа Силла коргоочуларды алдап өтүп, таамай сокку менен эсепти 1:1 кылды. 27-мүнөттө "EREM" командасынын оюнчусу Эмиль Канетов эсепти 2:1ге айлантса, 29-мүнөттө Улан Байгазы уулу эсепти 3:1 кылды. 32-мүнөттө Максат Алимов таамай сокку менен эсепти 4:1 кылып, беттешке чекит койду. Муну менен "EREM" командасы чемпиондукту багындырууга 1 кадам жакындады.

Айта кетсек, 1-орун үчүн беттеш 3 жеңишке чейин уланмакчы, эми командалар эртең, 17-апрелде кездешмекчи. Беттеш ден соолукту чыңдоо жана дене тарбия комплексинде (ФОК) саат 20:00дө башталат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
Toxa_bratan
2018-04-17 00:22:39
Оюн зынк болдуго ЕРЕМ АЛГА
+2
BekAmir
2018-04-17 08:23:57
Ерем молодцы
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан