Бүгүн, 17-апрелде Жогорку Кеңештеги оппозициялык фракциялар өкмөттүн отчётун карайт. Бул тууралуу "Ата Мекен" фракциясынын катчылыгынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, "Республика-Ата Журт", "Ата Мекен", "Өнүгүү-Прогресс" фракциялары өкмөттүн отчётун чогуу карайт.
Белгилей кетсек, өткөн жумада өкмөттүн отчётун "Республика-Ата Журт" жана "Өнүгүү-Прогресс" фракциясы угуудан баш тарткан. Буга премьер-министр Сапар Исаковдун жыйынга келбей калышы себеп болгон. Ал эми КСДП жана "Кыргызстан" фракциялары буга чейин өкмөттүн отчётун "канааттандырарлык" деп тапкан.