WhatsApp мессенжеринде өчүрүлгөн файлдарды калыбына келтирүү функциясы ишке кирет. Бул тууралуу чет элдик маалымат каражаттары жазып чыгышты.
Белгилүү болгондой, эми WhatsApp мессенжеринин колдонуучулары өчүрүлгөн файлдарды (сүрөт, видео, аудио, документ) 2 ай аралыгында кайра калыбына келтире алат. Азыркы тапта иштеп чыгуучулар бул функцияны Android платформасында сынап көрүшүүдө.
Мындан ары өчүрүлгөн файлдар мессенжердин серверинде 2 ай сакталат. Бул убакыт аралыгында аларды калыбына келтирүү мүмкүнчүлүгү болот. Иштеп чыгуучулар билдиргендей, колдонуучулардын маалымат коопсуздугу атайын программа менен сакталат.