Арменияда төрт күндөн бери элдик толкундоолор уланууда. Нааразычылыкка чыккандар экс-президент Серж Саргсяндын бийлик башына кайра келишине каршы болууда. Кечээ, 16-апрелде митингге чыккандар Еревандагы жолдорду, метролордун кире беришин жана айрым көпүрөлөрдү тосушкан. Ал эми айрымдары парламент имаратына кирүүгө аракет кылышканда полиция менен кагылышып, жаракат алышты.
Бул элдик толкундоолорго карабай Армения парламентиндеги эки фракция мурдагы президенттин талапкерлигин премьер-министрликке көрсөттү. Парламентте добуш берүү бүгүн, 17-апрелде болору күтүлүүдө.
Айта кетсек, Арменияда 2015-жылы өзгөртүлгөн Конституцияга ылайык, өлкө жарым-жартылай президенттик башкаруудан парламенттик башкарууга өтүп, премьер-министрдин ыйгарым укуктары күчөтүлүп, өлкөдөгү биринчи кишиге айланган.