Кытайдын ири шаарларынын жашоочулары экологиялык маселелерге байланыштуу көп учурда атайын бет кап кийип же үйдөн чыкпоого мажбур болушат. Мындан улам өлкөдө велосипеддерди ижарага берүү боюнча көп сандаган компаниялар ачылып, өз ишмердүүлүгүн жүргүзө баштаган.
Убакыттын өтүшү менен бул иш менен алектенгендердин саны көбөйүп, компаниялар ортосундагы атаандаштык күч алган. Ошондой эле жашоочулар велосипеддерди ижарага албастан, өздөрү сатып ала баштаган. Натыйжада көптөгөн компаниялардын иши токтогон. Көп сандаган велосипеддер "ишсиз" калып, азыркы тапта "велосипеддердин бейити" деп аталган жерде сакталат.
Аталган жайда жалпы канча велосипед бар экенин эч ким билбейт. Бул жерде конфискацияга алынган велосипеддер да бар. Жарактан чыккан же жөн эле колдонулбай калган велосипеддер жыйылган мындай жерлер Кытайдын көптөгөн шаарларында бар.