Камчы Көлбаевдин уюшкан кылмыш тобунун активдүү мүчөсү кармалды

16-июнда Кыргызстандын жана Казакстандын ИИМ кызматкерлеринин биргелешип иш алып баруусунун натыйжасында Камчы Көлбаевдин уюшкан кылмыш тобунун активдүү мүчөсү кармалган. 1971-жылы туулган Алмазбек Сулайманов Казакстандын Алматы облусуна караштуу Карасай районунда колго түшкөн. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди. Ал крим чөйрөдө Лимонти деген каймана ат менен белгилүү. Мурда бир нече ирет соттолгон, акыркы жолу оор кылмыш менен кармалып, катуу жаза берилген. 2006-жылы президенттин жарлыгы менен Сулаймановдун өтүнүчү кабыл алынып, жогорку жаза - 30 жылга эркинен ажыратууга алмаштырылган. 2008-жылдын май айында Аламүдүн райондук сотунун чечими менен А.Сулайманов абактан ден соолугуна (кургак учук диагнозу коюлган) байланыштуу мөөнөтүнөн эрте бошотулган. 2011-жылы ага карата эл аралык издөө жарыяланган. Азыркы учурда А.Сулаймановдун өтөп бүтө элек жаза мөөнөтү 19 жыл 10 айды түзөт. Аны экстрадициялоодон кийин жазасын аткаруу улантылат. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан