Дональд Трамптын ишмердүүлүгүнө сурамжылоого катышкандардын 57 пайызы нааразы экенин билдиришкен

"АКШнын президенти Дональд Трампка америкалык жашоочулардын 57 пайызы нааразы. Акыркы бир ай ичинде эле анын аброю төмөндөп кетти", - деп жазууда чет элдик маалымат булактары.
Маалыматка караганда, Трамптын ишмердүүлүгү боюнча сурамжылоо 8-11-апрель күндөрү телефон чалуу аркылуу жүргүзүлгөн. Ага 900 адам катышкан.
"Сурамжылоого катышкандардын 57 пайызы Дональд Трамптын жүргүзгөн ишмердүүлүгүн колдобой турганын билдиришкен. Ал эми катышуучулардын 4 пайызы ишеничтүү жооп бере албай коюшту. Муну менен катар Трамп АКШнын президенттеринин тарыхында эң терс рейтингди алып келди", - деп жазылат маалыматта.
Айта кетсек, сурамжылоодо азыркы жана мурунку президенттердин ишмердүүлүгүн 0дөн 100гө чейинки баа менен баалашкан. Анда алдыңкы тизмени 3 президент Авраам Линкольн (95,03), Жорж Вашингтон (92,59) жана Франклин Рузвельт (89,9) ээлеген. Ал эми Дональд Трамп 12,34 балл алып, 44-орунга чыккан. Барак Обама 71,13 балл алып, 7-орунга ээ болгон.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Beks.Kasymov
2018-04-17 13:07:14
трап авам начар чыкты чындыгында Баракат тагам жакшы иштейтле
-1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан