Бүгүн Бишкекте футзал боюнча Өлкө биринчилигинин финалдык сериясы уланат

Бүгүн, 17-апрелде футзал боюнча Өлкө биринчилиги - Суперлиганын финалдык сериясы уланат. Анда Бишкек шаарындагы ден соолукту чыңдоо жана дене тарбия комплексинде (ФОК) 1-орун үчүн "Алга" менен "EREM" командалары кездешсе, 3-орун үчүн "Фарватер" менен "Мурас" командалары "Алай" спорт комплексинде беттешмекчи.

Финалдык сериясындагы 1-беттештин жыйынтыгында 1-орун үчүн беттеште Оштун "EREM" командасы бишкектик "Алганы" 4:1 эсебинде утуп алса, 3-орун үчүн беттеште Бишкектин "Фарватер" командасы ысык-көлдүк "Мурастын" үстүнөн 4:2 эсебинде жеңишке жеткен.

Айта кетсек, финалдык оюндар 3 жеңишке чейин уланса, 3-орун үчүн беттеш 2 жеңишке чейин орун алмакчы. Финалдык беттештер 16-17-апрелде Бишкекте өтсө, 21-22-апрелде Кызыл-Кыяда орун алат. Эгерде 4 беттештин жыйынтыгында командалар тең чыкса, алар 5-беттешти Бишкек шаарында 28-апрелде өткөрүшөт.

Беттештердин тизмеси:

17-апрель

3-орун үчүн беттеш ("Алай" спорт комплекси):

17:00 "Мурас" - "Фарватер".

Финал (ФОК):

20:00 "Алга" - "EREM".

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
murat17
2018-04-17 16:56:28
Ерем Ош алга
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан