Ааламдашуунун шары менен сулуулук дүйнөсүндө да реформалар болуп келет. Учурда косметикалык каражаттар сырткы келбетибизди өзгөртүүчү "сыйкырдуу таякча" экени талашсыз. Табият берген сулуулугубузду бузуп, косметика менен жүзүбүздү өзгөртүүнүн түрдүү ыкмаларын дүйнөлүк бьюти-блоггерлер сунуштап келет. Бул ирет биз кайран кашты "жеген" визажисттер тууралуу кеп кылабыз.
Кувейттик визажист, бьюти-блоггер Закия Серрух Вахби кашты боёонун жаңы дизайнын сунуштады. Ал өзүнүн Инстаграмдагы жеке баракчасына макияж жасоону гана үйрөтпөстөн, кашты ар кандай формада боёонун түрлөрүн да көрсөтүп келет. Закия Серрухтун колунан жаралган сулуулуктун формуласы геометриялык сызыктарды элестетет.
"Айрым адамдар менин макияжыма олуттуу мамиле жасап, терс пикирлерин айтышат. Менин аларга айтарым, кабатыр болбогула. Мен болгону макияж жана кыялым менен ойноп жатам. Ал эми макияждагы жаңылыктарды жаратуу үчүн каштын салымы зор", - дейт ал.
Ал эми ирактык бьюти-блоггер, визажист Худа Каттан Бириккен Араб Эмиратында макияж жасоодогу эң мыкты сүрөтчү аталган. Ал АКШдан БАЭге келип, миллиондогон кыз-келиндерди сулуулап баштаган. Анын кардарларынын арасында шейхтердин жубайлары, Ким Кардашьян өңдүү атактуулар бар. Учурда Худа Каттан макияж жасоо менен чектелбестен, жеке косметикалык каражаттарын да чыгарып келет. Ал ачык түстөгү макияжды жасаганды жактырат. Ошондой эле каштын формасын да өзгөчө кылып чийип келет.