Орусиядагы популярдуу Telegram тиркемеси 13-апрель күнү аталган аймакта колдонууга тыюу салынган. Көп өтпөй анын ордуна орусиялыктар жаңы TamTam тиркемесин колдонууга өтүштү. Бул тууралуу орус басылмалары жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, TamTam тиркемесин жарнамалоо иши Telegram`ды колдонууга тыюу салынган күнү эле башталган. Көпчүлүк жаңы сунушталып жаткан тиркеменин функциясы Telegram`дын эле көчүрмөсү экенин айтышууда.
Эске салсак, 2017-жылы "Mail.ru Group" технологиялык компаниясы TamTam тиркемесин ачкан. Мындан сырткары, ВКонтакте жана Одноклассники социалдык түйүнү ушул компаниянын карамагында.