Жумурткадан кыр издөөбү? Социалдык тармактагы колдонуучулардын айтканын жасаган блоггер түрү суук айымга айланды

Чесси Кинг аттуу популярдуу блоггер Инстаграм социалдык тармагындагы баракчасы аркылуу өзгөчө эксперимент жасап көргөн. Тактап айтканда, ал белгилүү профессионал фоторедакторлордун тобу менен бирге социалдык түйүндөгү катталуучуларынын каалоолорун орундатып, келбетиндеги аларга жакпаган жерлердин баарын атайын редактордун жардамы менен идеалдуу кылып өзгөрткөн.

Алгач ал баракчасына ич кийим менен тартылган видеосун жүктөгөн. Видеону көргөн колдонуучулар анын толук буттарын сынап, билдирүү калтырышкан. Атайын программанын жардамы менен буттарын идеалдуу кылып өзгөртсө, мурдуна, колуна, белине, эриндерине ал гана эмес чачына чейин асылгандар чыккан. Ар бир билдирүү калтырган адамдын сыны боюнча келбетин өзгөрткөн блоггер, жыйынтыгында түрү суук айымга айланган.

Бул эксперименттин максаты социалдык тармакта көп сынга кабылган колдонуучуларды колдоо болгон.

"Эгер биз ар бир билдирүү калтырган адамдын ою менен өзгөрө берсек, жыйынтыгында түрү суук кишиге айланабыз. Жеке баракчаңа 23 адам катталганбы же миллиондон ашуунбу, айырмасы жок. Бирөөнүн кемчилигин сынаганга эч кимдин укугу жок", - деген ал.

Ошондой эле атайын фоторедакторлор тобунун жардамы менен өзгөртүлгөн келбетин видеого түшүрүп, баракчасына жарыялаган.

Айта кетсек, Чесси Кинг - интернетте популярдуу фитнес-блоггер. Учурда анын жеке баракчасына 330 миң колдонуучу катталган.

Блогер келбетин өзгөртүп түрү суук айымга айланды
Интернеттеги сындардан кийин блогер келбетин өзгөртүп түрү суук айымга айланды
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан