Япониялык аял өлүп калган мышыгына жай казып жатып каза болду. Бул тууралуу япониялык маалымат каражаттары жазып чыгышкан.
Маалыматка ылайык, 50 жаштагы япониялык аялдын жансыз денесин алгачкылардан болуп батирдин ижара акысын алуу үчүн келген үй ээси көрүп, полицияга кабарлаган. Полиция кызматкерлери дарек боюнча келип, аялдын өлгөн мышыгына жай казып жатканда каза болгондугун божомолдошкон. Анткени анын жансыз денесинин жанынан күрөк менен мышыктын сөөгү табылган.
"Каза болгон аял мышыгына жай казып жатканда жүрөгү токтоп калган болушу мүмкүн. Мындан улам өзү казып жаткан 1 метрлик жайга кулап калган. Себеби анын денесинен бир дагы зордук-зомбулуктун белгилери табылган эмес", - деп полиция кызматкерлери билдиришкен.
Ошондой эле экспертиза учурунда аялдын каза болгонуна 1 айдан ашуун убакыт болгону аныкталган.