Дарыгерлер кытайлык жарандын ичинен 20 жыл мурун жутуп алган от тутанткычты алып чыгышты

Кытайда дарыгерлер адамдын ичинен 20 жыл мурун жутуп алган от тутанткычты (зажигалка) алып чыгышты. Бул тууралуу жергиликтүү басылмалар жазышты.

Маалыматка ылайык, окуя Кытайдын Чэнду шаарында катталган. Операция учурунда кичинекей видео тартуучу камера атайын бейтаптын ичине салынып, анын жардамы менен от тутанткычтын кайсы жакта жайгашканын табышкан. Дарыгерлердин айтымында алар от тутанткычты экинчи аракеттен кийин гана алып чыга алышкан. Операция 10 мүнөткө созулган.

Бейтаптын айтымында, ал от тутанткычты мындан 20 жыл мурун кокусунан жутуп алган. Бирок эч жери оорубагандыктан дарыгерлерге кайрылган эмес. Акыркы күндөрү ичи ооруп, ажатканага барганда кыйналгандыктан ооруканага барууга аргасыз болгон. Ошондо гана дарыгерлер анын ичинде от тутанткыч бар экенин билишкен.

20 жыл мурун жутуп алган зажигалка
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (8)
Snejana
2018-04-17 20:38:24
Кошмар
+1
Dembele84
2018-04-17 20:55:26
Шумдугун кургур!
+2
umar.kgz
2018-04-17 22:00:34
ХХХХХХХХХХ
+3
admin_media
2018-04-18 13:33:22
umar.kgz,
Видеолорду жай көрсөтүүсү интернетиңиздин ылдамдыгынан көз каранды.
Коомдук этиканы сактаңыз!
0
umar.kgz
2018-04-17 22:01:33
Че за видео
0
shankol88
2018-04-18 00:00:16
Чындыгында видеонор катыйберет...
0
nur_92
2018-04-18 03:00:15
shankol88,интернетинер начар болсо катый беретда менде бир жакшына эле корсотот
+2
medetbek
2018-04-18 04:28:35
Чыпалак баатырга коргозуп коюш керек экен жумуртканы бүтүн жутпа зажигалкадай болуп бир жеринде калып калса кийин озуно кыйын болот деп.)))
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан