АКШнын Алабама штатынын Глинко шаарынын Ши Шейнифелт аттуу жашоочусу 35 жыл мурун жазылган каттын ээсин издеп тапкан. Бул тууралуу бүгүн, 18-апрелде чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
Маалыматка караганда, Ши Шейнифелт Куса дарыясынын жанында отун терип жүрүп, бөтөлкөнү таап алган.
"Бөтөлкөнүн ичинде кат жатканын көргөн аял аны чыгарууга аракет кылган. Кагаз үзүлө бергендиктен, ал идишти сындырууга туура келген. Жыйынтыгында кат 1982-жылдын 14-октябрында, ошол эле штаттын Гадсден шаарынын 3-классынын окуучусу Жули Уотсон тарабынан жазылганы аныкталган. Ал өз кезегинде катты таап алгандарды аны менен байланышууга чыгууну өтүнгөн", - деп жазылат маалыматта.
Ал эми каармандын маалыматында, ал Facebook аркылуу каттын ээси ким экенин билген. Ал турмушка чыккандан кийин, фамилиясы Менк болуп өзгөрүп кеткен. Ошондой эле Жули Менк 35 жыл мурун жазылган кат толугу менен сакталганы өтө таң калычтуу экенин билдирген. "Бул катты мен сабактан кийин жазганымды эстедим. Катты жазып бүткөн соң бөтөлкөгө салып, Христофор Колумбга жибергем", - деп билдирген Менк.
Айта кетсек, ушул сыяктуу окуя 2017-жылы да катталган. Анда балыкчы бөтөлкөнүн ичинен жардам сурап кайрылган кат таап алган. Жыйынтыгында 36 жыл мурун ошол аймактарда эс алып жүргөн бала, бул катты ойноп жазып, сууга ыргытып жибергени аныкталган.