АКШнын 41-президенти Жорж Буштун жубайы Барбара Буш 92 жашында көз жумду. Бул тууралуу чет элдик маалымат булактары аталган үй-бүлөнүн расмий билдирүүсүнө таянып жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, мурдагы канайым кечээ, 17-апрелде дүйнө салган.
Ал 1925-жылы 8-июнда Нью-Йоркто туулган. Жорж Буш менен 16 жашында балаты майрамында таанышып, түгөйлөр 1945-жылы баш кошкон. Алардын 5 баласы, 17 небере, 7 чөбөрөсү бар.