Кыргыз мушкерлер бокс боюнча жаштар арасындагы Азия чемпиондугуна катышат. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Кыргыз Республикасынын бокс федерациясынан билдиришти.
Азия чемпиондугу Таиланддын Бангкок шаарында 19-28-апрель аралыгында өтүп, 30 өлкөдөн барган 200дөн ашуун спортчу 20 салмак ченинде күч сынашмакчы. Кыргыз өлкөсүнөн ага машыктыруучу Кенжебек Акелбаевдин баштоосунда 4 спортчу катышат. Ошондой эле аталган мелдеште 2018-жылы Аргентинада өтө турган жаштар арасындагы Олимпиада оюндарына 13 жолдомо ойнотулат. Андан тышкары, 117 мыкты мушкер жаштар арасындагы Дүйнө чемпиондугуна жолдомого ээ болушат.
Кыргыз курама командасынын тизмеси:
60 килограммга чейинки салмак ченинде: Умар Кубанычбек уулу - спорт чеберине талапкер;
64 килограммга чейинки салмак ченинде: Илгиз Матмусаев - спорт чеберине талапкер;
69 килограммга чейинки салмак ченинде: Нурадин Рустамбек уулу - спорт чеберине талапкер;
91 килограммдан жогору салмак ченинде: Ахмед Усупов - спорт чеберине талапкер;
Ага машыктыруучу: Кенжебек Акелбаев.