SUPER.KG порталынын өкмөттүн ишин ким кандай баалай турганы боюнча соболуна Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Равшан Жээнбеков жооп берди.
Ал өкмөттүн мурдагыларга караганда анча-мынча жакшы идеялары бар экенине токтолду. Бирок министрлер кабинетинин жасап жаткан иши аттын алдына араба коюп алгандай деген пикирин билдирди. "Таза Коом", "Акылдуу шаар" долбоорлору - жалпысынан жакшы идеялар. Ошол аркылуу өкмөттүн элге көргөзгөн кызматтарынын сапатын бир топ жакшыртса болот. Мына ушул жагынан кандайдыр бир жакшы идеялары бар. Бирок өкмөт технологиялык иштерди эмес, мамлекетте биринчи кезекте сот, укук коргоо органдарынын маселесин чечиши керек", - дейт Жээнбеков.
Махабат Мавлянова, Адил Турдукулов, Феликс Кулов жана башка саясатчылардын пикири төмөнкү шилтемеде.