Адил Турдукулов, жарандык активист: "Өкмөт башчы кадр маселесинде экс-президент Атамбаевге толук баш ийе турганы белгилүү болду"

Жарандык активист Адил Турдукулов SUPER.KG порталынын өкмөттүн ишине кандай баа бересиз деген соболуна жооп берди.

Турдукулов өкмөт башчы Сапар Исаков кадр маселесинде экс-президент Алмазбек Атамбаевге баш ийе турганын айтты. Ал буга карата Райымбек Матраимовдун Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасынын орун басарлыгынан бошотулганы боюнча мисал келтирди.

"Исаков Атамбаевдин Матраимовго болгон жеке терс пикиринен улам кызматтан бошотту. Бул туура эмес. Болот Сүйүмбаевдин Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча кызматына төрага болуп дайындалгандын артында Атамбаев турат деп ойлойм. Мындай дайындоолор азыркы президент Сооронбай Жээнбеков менен тирешүүнү ого бетер курчутат деген ойдомун. Ошондуктан мындай кырдаалды курчутпаш үчүн Сапар Исаков өз ыктыяры менен кызматтан кетиши керек же парламент ага карата ишенбөөчүлүк көрсөтүшү зарыл", - дейт.

Дастан Бекешев, Зарылбек Рысалиев, Равшан Жээнбеков, Абдывахап Нурбаев жана башка саясатчылардын пикирлери төмөнкү шилтемеде.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан