Дастан Бекешев, депутат: "Ички дүң продукциясынын көлөмү өстү, бирок карапайым элдин турмушунда өзгөрүү болгон жок"

SUPER.KG порталынын өкмөттүн ишине кандай баа бересиз деген соболуна КСДП фракциясынан депутат Дастан Бекешев жооп берди.

Ал өкмөттүн 2017-жылы аткарган ишинде катачылыктар бар экенине токтолду. "Бул жылы эки өкмөт башчы иштеди. Анда 8 ай Сооронбай Шарипович, 4 ай Сапар Исаков иштеди. Экономикалык көрсөткүчтөрдү алсак, өнүгүү бар. Ички дүң продукциясынын көлөмү өстү. Бирок карапайым элдин турмушунда өзгөрүү болгон жок. Айлык акылар, пенсиялык көлөмдөр ошол бойдон калууда", - деди Бекешев.

Махабат Мавлянова, Адил Турдукулов, Феликс Кулов, Абдывахап Нурбаев жана башка саясатчылардын пикири төмөнкү шилтемеде.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан