Депутат Махабат Мавлянова: "Ош базарынан" чыккан өрт атайылап жасалган болушу мүмкүн"

"Ош базарынан" чыккан өрт атайылап жасалган болушу мүмкүн", - деп бүгүн, 18-апрелде Жогорку Кеңештин жыйынында "Республика-Ата Журт" фракциясынан депутат Махабат Мавлянова билдирди.

Парламентте Бишкек шаарындагы "Ош базарында" жана Жалал-Абад шаарынын борбордук базарында болгон өрттөрдүн себептери жөнүндө маселе каралып жатат.

Мавлянова өзгөчө кырдаалдар министрин өрттөн жабыр тарткан жарандар менен жакшылап сүйлөшүп көрүүгө чакырып, кыйла кызыктуу фактылар чыгарын кошумчалады.

Өзгөчө кырдаалдар министри Кубатбек Боронов "Ош базарында" болгон акыркы өрт жөнүндө 50 мүнөттөн кийин билдирүү түшкөнүн баса белгиледи. "Ички иштер министрлигинин маалыматында айтылгандай, атайылап өрттөө тергөө жүрүшүндөгү бир божомол. "Ош базарындагы" өрт түнкү саат үчтө башталса, ал жөнүндө билдирүү 3:50дө түшкөн. Ошончо убакыт өрттүн күчөшүн күтүп тургандай туюм калтырат. Өрт үч тараптан бир маалда башталганы ушундай ойго түртүүдө. Эми анын чындыгын тергөө амалдарынын жыйынтыгы көрсөтөт", - деди министр.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан