Депутаттар унааны өз убагында каттабаган айдоочуларга 15 миң сомго чейин айып пул салууну колдошту

18-апрелде Жогорку Кеңештин жыйынында "Жол кыймылы жөнүндө” мыйзамга өзгөртүү киргизүү демилгеси каралды.

Мыйзам долбоору аркылуу транспорт каражаттарын каттатуу (кайра каттатуу) мөөнөтүн 5 жумушчу күндөн 10 жумушчу күнгө чейин узартуу сунушталууда. "Мындай ченем автоунаа каражаттарынын ээлери үчүн шарт түзүү максатында киргизилип жатат. Анткени унааларды азыркыдай 5 күндүн ичинде каттатууга бардык эле жарандардын мүмкүнчүлүгү болбой калып жатат", - дешет демилгечилер.

Мындан сырткары унааны каттатуу (кайра каттатуу) эрежелерин сактабагандыгы үчүн унаанын ээсине 8 миң сом айып пул салуу сунушталууда. Ал эми юридикалык жактарга 15 миң сом өлчөмүндө айып пул салынмакчы.

Мыйзам долбоору 2-окууда жактырылды. Эгер бул документ 3-окууда парламентте жактырылса, президенттин кол коюусуна жөнөтүлөт.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан