Парламенттин 19-апрелдеги пленардык жыйыны башталды.
"Республика-Ата Журт" фракциясынын лидери Жыргалбек Турускулов спикерге кайрылып, өкмөткө ишеним көрсөтпөө маселесин күн тартибине киргизип берүүнү сунуштады. Ушул эле сунушту "Ата Мекендин" лидери Алмамбет Шыкмаматов да айтып, өкмөткө ишеним көрсөтпөө маселеси боюнча бардык процедуралар сакталганын, депутаттардан жетиштүү кол топтолгонун билдирди.
Турускулов бул маселени күн тартибине биринчи кылып киргизүүнү суранды. "Конституциянын 85-беренесине, Жогорку Кеӊештин Регламентинин 131-беренесине ылайык, биринчилерден кылып өкмөткө ишеним көрсөтпөө маселесин күн тартибине коюп берүүӊүздү суранам", - деди фракция жетекчиси.
Төрага Дастанбек Жумабеков өкмөткө ишеним көрсөтпөө демилгесине 40тан ашык депутат кол койгонун белгилеп, маселени күн тартибине киргизди.
Бул маселени карап корутунду чыгаруу үчүн Жогорку Кеӊештин тийиштүү комитети 15 мүнөттүк танапис сурады.
Айта кетсек, буга чейин Жогорку Кеӊештеги оппозициялык "Ата Мекен", "Республика-Ата Журт" жана "Өнүгүү-Прогресс" фракциялары өкмөттүн 2017-жылдагы иши боюнча премьер Сапар Исаковдун отчётун "канааттандырарлык эмес" деп тапкан. Ал эми КСДП жана "Кыргызстан" фракциялары "канааттандырарлык" деп баалаган. "Бир бол" өкмөттүн отчётун карай элек.
Конституциянын 85-беренеси:
3-пункт: Жогорку Кеңештин депутаттарынын жалпы санынын үчтөн биринин демилгеси боюнча Жогорку Кеңеш өкмөткө ишеним көрсөтпөө жөнүндө маселени карай алат.
4-пункт: Өкмөткө ишеним көрсөтпөө жөнүндө токтом Жогорку Кеңештин депутаттарынын жалпы санынын көпчүлүк добушу менен кабыл алынат.