Нарын облусунда кар аралаш жааган жамгырдын кесепетинен өлгөн майда жандыктын саны 633кө жетти

Нарын облусунда 17-июнда Соң-Көл өрөөнүндө жана Кара-Кужур жайлоосуна кар аралаш жааган жамгырдын кесепетинен облус боюнча 633 баш майда жандык (кой-эчки),  2 кулун, 3 музоо өлдү. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматы билдирди. Ал эми Он-Арча - Жаңы-Талап - Ашырма унаа жолунун 50-чакырымында кыян суу агызып кеткен көпүрөнү калыбына келтирүү иштери толук аяктады. Облустук жана райондук жарандык коргоо комиссиялары тактоо жана малчыларга түшүндүрүү  иштерин жүргүзүүдө. Мындан сырткары өзгөчө кырдаалдар министри Кубатбек Боронов Кара-Кужур өрөөнүндө түзүлгөн кырдаал менен таанышуу максатында иш сапарында жүрөт.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
KR-777
2013-06-20 09:34:00
ото жаман болду.
0
Lion-x
2013-06-20 09:58:47
Бул да Кудайдын берген жазасы...
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан