Селсаяктарга тиш жуучу паста жедирген блоггер кескин сынга кабылды

Жаш блоггер Канхуа Рендин "ReSet" аталыштагы YouTube каналына 1 миллион 200 миңден ашык колдонуучу катталган. Рен өзүнүн көңүлүн көтөрүп ошону менен бирге эле акча табууну көздөп, видеоролик тартууну чечкен. Бирок ошол видеоролик үчүн ал эркинен ажыроо алдында турганын чет элдик маалымат каражаттары жазып чыгышты.

Белгилүү болгондой, Канхуа печеньенин ортосундагы кремдин ордуна тиш жуучу пастаны сыгып, андан соң ал тиш жуучу паста коюлган печеньелерди көчөдөгү селсаяктарга тараткан. Бул окуянын баарын ал видеого тартып өзүнүн каналына жарыялаган. Бирок көптөгөн интернет колдонуучулар блоггерди сынга алып, ал жардамга муктаж адамдарды шылдыңдаганын айтып чыгышкан.

Рен өзүнүн видеосун өчүрүп, ага тартылып калган 52 жаштагы селсаякка унчукпоосу үчүн 400 доллар акча сунуштаган.

"Мен бир аз аша чаап кеткеним чын. Бирок бир четинен алып караганда селсаякка тишин тазалап алганга жардам бердим да", - деп билдирген Рен.

Азыркы тапта полиция бул иш боюнча иликтөө иштерин жүргүзүп жатат. Алдын ала маалыматтар боюнча ал 2 жылга эркинен ажыратылып жана 40 миң доллар өлчөмүндөгү айып төлөөсү мүмкүн.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (7)
Okunboim.
2018-04-19 14:43:28
Издевательство кылганы ачык эле корунуп турат тишин жууганга жардам бербей эле
+13
Elina9695
2018-04-19 14:44:35
Селсаяк эмне Адам эмеспи. Антип шылдындоого акысы жок. Озуно жегизиш керек.
+13
Zainidin96
2018-04-19 15:12:38
Акмак екенсинго
+7
Azatbek.Svoboda.
2018-04-19 15:27:02
Өзү жеп көрсө болмок адепсиз тарбиясы жок акмак.Буларга окшогон чегинен ашкан блогерлер ди өмүр бойу эркинен ажыратыш керек ошондо калгандарына да сабак болмок!
+8
sakuna
2018-04-19 16:52:50
Тишин тазалап берем деп, озунун тишини тазалатат экенда эми
+7
aksy94
2018-04-19 16:55:27
Камап салыш керек мындай адамдык сапаты жок ХХХХХХ
+6
ady-88
2018-04-19 18:35:00
Ал эчнерсе эмес. Бир миллионер орустун небереси ал дагы блогер болсо керек, озунун заарасын селчаяктарга 10000рубль берём деп ичирип жургон ролиги бар.
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан