Таиландда акула туристке кол салгандан кийин пляж жабылды

Таиланддын Сай Ной деп аталган пляжы норвегиялык эс алуучунун бутун акула тиштеп алгандан кийин жабылды. Бул тууралуу чет өлкөлүк басылмалар жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык, 54 жаштагы норвегиялык Вернер Дэниелсен аттуу турист сууда сүзүп жүргөндө акула кол салган. Дарыгерлер Вернердин жаракатын текшерип, аны тиштеген акула узундугу 1 метр, болжол менен 1 жаштагы жырткыч акула экенин аныкташкан. Учурда ооруканада жаткан эс алуучунун абалы туруктуу экени маалыматта айтылат.

Учурда жергиликтүү бийлик өкүлдөрү пляжды 20 күнгө жаап, пляждын кызматкерлери адамдар сүзө турган аймакты атайын тор менен тосуп чыгышууда.

Эске салсак, 2017-жылдын август айында да Таиланддын Пхукет аралында япониялык эс алуучуну сёрфинг тээп жүргөндө акула тиштеп алган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (7)
Zainidin96
2018-04-19 17:49:10
Ошон учун этият болуу керек
+2
Mr.Jack
2018-04-19 18:02:52
Ысык Көлгө келгиле акчаны чөнтөккө кенен салып алып, бизде акула тиштебейт.
+7
mumu00
2018-04-19 18:13:06
Mr.Jack,көлдүктөр биз өзүбүз акулабыз дебейсинби)))) акчанарды эле "тиштейбиз" деп))))
+24
Artyr1994
2018-04-19 18:17:50
mumu00,
0
Paprikafm
2018-04-19 18:17:51
Кудай сактаптыр жутуп алса эмне болот
+1
Mr.Jack
2018-04-19 19:05:16
Paprikafm,Бир метрлик акула кишини кантип жутсун
+6
sarbo
2018-04-19 19:59:29
Paprikafm, жанылыктын темасын эле окуп, калганын окубай коммент калтыра беришет :))
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан