Бүгүн, 19-апрелде Чыңгыз Айтматовдун 90 жылдыгына карата Ош шаарында улуу жазуучунун чыгармаларынын негизинде жаралган обондуу ырлардын сынагы болуп өттү. Бул тууралуу Ош шаардык мэриясынын маданият башкармалыгынын жетекчиси Байыш Абасов SUPER.KG порталына билдирди.
Аталган кароо-сынакты өткөрүүнүн максаты - Чыңгыз Айтматовдун чыгармалары менен өсүп келе жаткан муунга окутуп, үйрөтүүдө чыгармалардын мазмунун жеткиликтүү түшүндүрүү. Байыш Абасов сынак тууралуу: “Сынакта “Найман эненин арманы”, “Иляздын ыры”, “Махабат дастаны”, “Жамиля”, “Жаныбарым, Гүлсары” деген ырлар жаңырды. Калыстардын чечими менен жеңүүчүлөр аныкталып, алар атайын диплом, сыналгы менен сыйланышты. 1-орунду Рыспай Абдыкадыров атындагы филармониянын алдындагы “Заман” тобу алды. 2-орун Элтуран Абдыкалык уулуна, Гүлжамал Эркинбаевага, Кыялбек Бакировго буюрду. 3-орунду Сүйүнтбек Абдилатипов менен Нурзида Батырова алып кетишти”, - дейт.
Мындан сырткары, сынакта Гапар Айтиев атындагы көркөм сүрөт окуу жайынын жигиттери Чыңгыз Айтматовдун чыгармаларындагы каармандардын сүрөтүн тартып сүрөт көргөзмө уюштурушканын белгилеп өттү.