Кубаны дээрлик 60 жыл башкарган Кастролордон кийин президенттикке Мигель Диас-Канель келди

Куба Республикасын биринчи жолу Кастро фамилиясы жок адам башкарат. Кубанын жаңы президентинин аты - Мигель Диас-Канель.

Чет элдик басылмалардын жазган маалыматына ылайык, Диас-Канелди президент кылуу чечими өлкөнүн Улуттук ассамблеясынын отурумунда жарыяланган. Отурум 19-апрель күнү Кубанын баш калаасы Гавана шаарында өткөн. Буга чейин 57 жаштагы Мигель Диас-Канель Мамлекеттик кеңештин өкүлүнүн биринчи орун басарынын кызматын аркалаган. Ошондой эле ал Ал 2012-жылга чейин билим министри болуп иштеген.

Айта кетсек, 2008-жылдан бери өлкөнү Рауль Кастро башкарып келсе, анын агасы Фидель Кастро Кубаны 47 жыл башкарган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан