Канат Аманкулов III Бүткүл дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын Азербайжанда өткөн Жаштар иштери жана спорт боюнча министрлердин Исламдык конференциясында тааныштырды. Бул тууралуу аталган мекеменин басма сөз кызматы маалымдады.
Маалыматка ылайык, Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт агенттигинин директору Канат Аманкулов Азербайжандын Баку шаарында өтүп жаткан Жаштар иштери жана спорт министрлердин Исламдык конференциясында катышты. Отурумга 40 өлкөнүн министрлери келген. 18-апрелде Канат Аманкулов III Бүткүл дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын тааныштырды.
"2018-жылы Кыргыз Республикасында III Бүткүл дүйнөлүк көчмөндөр оюндары өткөрүлөт. Көчмөндөр оюндары - Кыргыз Республикасында эң ири эл аралык долбоор. Мелдештин расмий ачылышы 2018-жылы 2-сентябрда Кыргыз Республикасынын Ысык-Көл облусунда орун алат. Ага 80 өлкөдөн 3000дей спортчунун катышуусу күтүлүүдө", - деп айтты Аманкулов.
Канат Аманкулов жыйындын бардык катышуучуларына III Бүткүл дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына расмий чакыруу баракчаларын берди.