Дүйнөлүк картада жаңы өлкө пайда болду. Бул тууралуу чет элдик маалымат каражаттары жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, Африкадагы Свазиленд өлкөсүнүн абсолюттук монархы хан Мсвати III өзүнүн өлкөсүнүн аты Эсватини падышачылыгы деп өзгөрттү. Өлкөнүн аты свати тилинен которгондо "байланыш жер" дегенди түшүндүрөт. Падыша чечими жөнүндө өзүнүн 50 жылдык тоюнда билдирген.
"Биз кайсы жакка барбайлы көпчүлүк биздин өлкөнү Швейцария деп аташат. Ошол себептен өлкөнүн атын өзгөртүүнү чечтим", - деп билдирген Мсвати.
Эсватини өлкөсү Түштүк Африка жана Мозамбик өлкөлөрүнүн ортосунда жайгашкан. Аталган падышачылык Британиядан 1968-жылы көз карандысыздыгын алган. Өлкөнүн калкынын саны 1 миллион 500 миң адамдан ашык. Бирок бул өлкөдө жашаган чоң адамдардын 26 пайызы ВИЧ оорусунан жабыр тартышат.
2013-жылы сулуулук сынагынын жеңүүчүсү 18 жаштагы Синдисва Дламини Мсватинин 15-аялы болуп ага турмушка чыккан.