ЖЫЛНААМА, 20-АПРЕЛЬ: Айтылуу акын Амантай Кутманалиев 49 жашка чыкты
Төкмөлүк - эзелтеден келе жаткан кыргыз элинин улуу өнөрү. Комуз менен төкмөлүк өнөр кыргыздын байыркы мурасы экендигин эч кимибиз тана албайбыз. Мына ошол байыркы, улуу өнөрдү өркүндөтүүгө салым кошуп, жоголуп бара жаткан төкмөлүк өнөрдүн учугун улап келе жаткан төкмө акындарыбыз саналуу гана. Алардын бири белгилүү төкмө акын Амантай Кутманалиев бүгүн, 20-апрелде 49 жашка чыкты.
Амантай Кутманалиев 1969-жылы Талас облусунун Талды-Булак айылында жарык дүйнөгө келген. Акын жаш кезинен тарта өнөр дүйнөсүнө аралашып маданиятка кызмат кылып келе жатканына 31 жылдан ашуун убакыт болду. Азыркы тапта Амантай Кутманалиев Кыргыз улуттук филармониясынын алдындагы "Эл ырчысы Эстебес" тобунда эмгектенет. Акын жаш, жаңы чыгып келе жаткан жез таңдай акындарга устат болуп, уулу өнөрдүн уучун улап келе жаткан чагы.
Акын көптөгөн Эл аралык айтыштардын жеңүүчүсү болгон. Айта кетсек, ал эл аралык "Айтыш-2008" акындардын сынагында байгелүү орунга ээ болуп, 10 миң сом жана диплом менен сыйланган. Ошол эле жылы тил майрамына карата уюштурулган республикалык айтышта баш байгени багындырган.
Ал эми 2013-жылы 3-октябрда Улуттук филармонияда Калык Акиевдин 130 жылдыгына карата эл аралык айтышта баш байгени жеңип Амантай Кутманалиев баасы 8000 долларлык Мерседес автоунаасына ээ болгон. 40 мүнөткө созулган финалдык беттеште акын Аалы Туткучев менен айтышкан. Акындар бири-бирине азил-чыны аралаш тийишип мыкты айтыш курушкан.
Акын 1995-жылы Жаңыл аттуу айым менен баш кошкон. Үлпөт тою тууралуу акын төмөндөгүлөрдү айтканы бар:
"1995-жылы сүйлөшүп жүргөн кызым Жаңыл менен чогуу гастролго чыгып калдык. Таласты кыдырып жүрүп, менин үйүмө да бардык. "Сүйлөшүп жүргөн кызы ушул экен, азыр эле үйлөнтүп салалы" дешип туугандар Жаңылды отургузуп коюшту. Үйдө 3 күн той бердик. Эшиктин алдына узун столго дасторкон жайдык. Азыркыдай кафелерде 3-4 саат отуруп тарап кетмей жок да. Кечигип келишет, бүгүн келбей калган конок эртеси келет дегендей, классташтарым үзүлбөйт. Ошентип 3 күн той бердик да, гастролубузду улантып кете бердик."
Акынды куттуктоо үчүн байланышканыбызда ал ыраазычлыгын билдирип төмөндөгүлөрдү айтты:
"Бүгүнкү жарык дүйнөгө келген күнүмдү алгачкылардан болуп жаш акын, шакиртим Асылбек Маратов куттуктады. Азыр да социалдык тармактагы баракчама, телефонума тынбай куттуктоолор келип жатат. Бул майрамды өзгөчө деле шаан-шөөкөт менен белгилебейм. Жакындарымдын жылуу сөздөрүн, жакшы каалоо-тилектерин кабыл алам. Кандай белек болбосун сүйүүнү менен кабыл алам. Жубайым жыл сайын ар кандай белектерди тартуулап турат", - дейт акын.
20-апрелдин жылнаамасы.