Британиялык 22 жаштагы кыз жигитин 9 ай бою үйүндө камап, зордук-зомбулук көрсөткөнү үчүн 7,5 жылга эркинен ажыратылды

Британиялык 22 жаштагы Жордан Ворт жигитин 9 ай бою үйүндө камап, зордук-зомбулук көрсөтүп жүргөнү үчүн 7,5 жылга эркинен ажыратылды. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

Маалым болгондой, мындай көрүнүш аталган өлкөдө биринчи жолу кездешкен.

Жордан Вортту сырттан тааныгандар абдан мээримдүү, камкор адам катары сыпатташат. Ал колледжди аяктаган соң, мугалим болуп эмгектенүүнү каалачу. Бирок Лутон шаардык соту аны 9 ай бою жигити Алекс Скилди үйүнө камап, ага кол көтөрүп жүргөндүгү үчүн 7,5 жылга эркинен ажыраткан.

Алекс Скил гидроцефалия (мээге суюктук толуп калгандыгына байланыштуу өрчүүсү начарлоо) оорусу менен жабыркайт. Түгөйлөр 2012-жылы экөө тең 16 жаш курагында сүйлөшүп баштап, көп өтпөй бирге жашоону чечишкен. Бирок Скилдин ар бир кыймыл-аракетин сүйлөшкөн кызы башкарып турган. Тактап айтканда, Ворт жигитине керебетке жатууга уруксат бербестен, полго жаткырган. Социалдык тармактардагы баракчаларын көзөмөлгө алып, кандай кийинүү керектигине чейин үйрөтүп турган. Кийинчерээк ага кол көтөрүп, ачуусу келгенде кайнак суу чачып жиберген учурлары да катталган. Жыйынтыгында жигиттин денесинин көпчүлүк бөлүгүндө күйүктөн калган тактар пайда болуп, колу-буту ар дайым көгөрүп жүргөн. Ал гана эмес 63,5 килограмм салмактан 44 килограммга чейин арыктап кеткен.

Окуя тууралуу полиция кызматкерлерине кыз-жигиттин кошуналары кабарлашкан. Алар Алекс Скилдин колу-буту көгөрүп, жерде онтоп жатканын көрүп калышкан.

Соттун жыйынтыгы боюнча Жордан Ворт 7,5 жылга эркинен ажыратылып, өмүр бою Алекс Скилдин жанына жолобошу керек. Ошондой эле Британия соту мындай көрүнүш аталган өлкөдө биринчи жолу кездешип жатканын, буга чейин кыз тарабынан эмес, эркек тарабынан зордук-зомбулук көргөндөр кайрылып келишкенин баса белгилешкен.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (14)
Okunboim.
2018-04-20 13:23:41
Шумдукко
+2
Zainidin96
2018-04-20 13:25:46
Атангору кантип эле болот ушундай кыздар эркектерди зордуктаганы жакшынакай еле кыз екен тагдыры талкаланды бекер
+3
Pandora
2018-04-20 13:27:30
Шумдугун кур
+1
00AbibhanovMunarbek0045
2018-04-20 13:34:34
Маза кылып мени зордуктаса болмок экен
+4
aibars
2018-04-20 13:52:14
00AbibhanovMunarbek0045, Оозуна таш, тфу тфу дечи. Кудай башка салбасын. Келме келтирип кой, тилегин орундалып журбосун.
+6
Sagidko88
2018-04-20 14:01:49
00AbibhanovMunarbek0045,семииииз, туру суук, кучтуу, капкара аял зордуктаса кантесин бул кыз эмес))))))
+6
portugalia
2018-04-20 14:14:33
00AbibhanovMunarbek0045,Шумдук го тилектерин
+4
Sagidko88
2018-04-20 15:59:58
portugalia,))))))
0
Refiri87
2018-04-20 14:27:06
(((устундон тушпой зордуктаган болсо барбы тушпой за ха
+3
MKW.MYRZAiYM
2018-04-20 14:29:24
)))))))))))
+1
nurhan2702
2018-04-20 15:15:13
Зордуктайын десе кучко салды дейсинерби. Болгону жигит оорукчан, алсыз экен го. Анан жаш баладай кордоптур да.
+8
Lilireinhart18
2018-04-20 15:52:14
Таш боор , боорум ооруп кетти байкуш балага
+2
AKCAHAT
2018-04-20 16:12:55
Айрым кыргыз жигиттерине керек кыз экен)))
+8
Adi.Avazbekov
2018-04-21 03:50:24
Omur boiy balaga joloybogonu jakshy eken
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан