Орус драма театрынын мурдагы жетекчиси Борис Воробьёв кармалды

19-июнда Бишкекте Ч.Айтматов атындагы орус драма театрынын мурдагы жетекчиси Борис Воробьёв  козголгон кылмыш иши боюнча кармалды. Бул тууралуу Бишкек ШИИБинин басма сөз кызматы билдирди. Б.Воробьёв Бишкек ШИИБинин убактылуу кармоочу жайына жеткирилди. Ал жакта баш коргоо чарасы тууралуу маселе чечилгенче  21-июнга чейин кармалат. Эске сала кетсек, 3-майда Башкы прокуратура орус драма театрынын бир нече кызмат адамдарына, анын ичинде мурдагы жетекчиси Борис Воробьёвго "кызматтык абалын кыянаттык менен пайдалануу", "документтерди, штамптарды, мөөрлөрдү уурдоо, жок кылуу, бүлүндүрүү же катып салуу" жана "кылмыш жолу менен алынган кирешелерди мыйзамдаштыруу" беренелери менен кылмыш ишин козгогон.  
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
Xamer
2013-06-20 10:53:13
Эн туура, бул театрды оз менчигине айландырып, тегерегин сатып да жиберген.
0
Patron
2013-06-20 11:10:15
Бул сууга чокпойт
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан