Жыл сайын апрель айынын 3-дем алыш күнүндө дүйнөнүн цирк өнөрүн сүйгөн адамдары цирк күнүн белгилешет. Бул майрамдын максаты - цирктеги кызыктарды көрүү гана эмес, андагы өнөрпоздорго, цирктин жаңычылдык менен өнүгүшүнө салым кошуу болгон. Мындай максатты көздөгөн Европанын цирк ассоциациясы менен Бүткүл дүйнөлүк цирк федерациясы 2009-жылы демилге көтөрүп, майрам белгилене баштаган.
Цирк өнөрүнө кирген - маскарапоз, акробатика, эквилибристика, музыкалык эксцентрика, пантомима, интермедия жана башкалар жаш балдарды гана эмес, улууларды да укмуш кызыктырарын майрамдын демилгечилери эске алышкан.
Бишкек шаарындагы Кыргыз мамлекеттик циркинин имараты 1976-жылы курулган. Андагы кыргыз артисттеринин биринчи өнөр көрсөтүүсү эки жылдан кийин, тактап айтканда 1978-жылы коюлган. Учурда ар бир дем алыш күндөрү цирктин манежинде кыргыздын жана КМШ өлкөлөрүнүн цирк өнөрпоздору келген тургундарга өнөрүн тартуулашат.
21-апрелдин жылнаамасы.